Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багыты боюнча авиабилеттер макулдашылган баада сатылат
2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас (Жалал-Абад” аэропорту) ички авиамаршруттарынын авиабилеттерине макулдашылган баа системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымына караганда, бул чечим Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынды.
"Диалогдун жүрүшүндө биз өз ара келишип, баа түзүүгө бирдиктүү ыкма колдонууну макулдаштык", - деди ал.
Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас (“Жалал-Абад” аэропорту) маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы – 5 500 сомду түзөт.
Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты.
Мамлекеттик авиаташуучу “Asman Airlines” мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүүбүз керек, алсак Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, ал эми Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.
“Ички авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгү маселеси биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Бекитилген тарифтерди киргизүү ички авиаташуу рыногун турукташтырууга, баалардын кескин өзгөрүшүнүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди Самидинов.
