Чүйдө жаңы асфальт-бетон заводу ишке берилди
12 май

Чүйдө жаңы асфальт-бетон заводу ишке берилди

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «СУ-4» ЖАК базасында жаңы асфальт-бетон заводу ишке берилди.

Долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) тарабынан каржылык колдоо менен ишке ашырылып, аймактагы жана Бишкек шаарындагы жол куруу иштерин ылдамдатууга багытталган.

Жаңы ишкананын кубаттуулугу бир сменада 2400 тоннага чейин асфальт-бетон аралашмасын өндүрүүгө жетет. Адистердин баамында, заводдун ишке кириши Чүй облусунда жана борбор калаада жол куруу иштеринин көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берип, аймактын курулуш материалдарына болгон муктаждыгын жарым-жартылай жабат.

Долбоор өлкөнүн аймактык инфраструктурасын өнүктүрүү жана өнөр жай секторун жаңылоо багытындагы саясаттын алкагында ишке ашырылды.

Модернизациялоо иштеринин жүрүшүндө ишканага немис инженерлеринин катышуусу менен заманбап жабдуулар орнотулду. Өндүрүш эл аралык экологиялык талаптарга жооп берет, анын ичинде чыгындыларды чыпкалоо жана ызы-чууну азайтуу системалары бар. Бул айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтат.

1952-жылдан бери иштеп келе жаткан «СУ-4» компаниясы жаңыланган кубаттуулуктар өндүрүштүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатканын белгилеп жатат.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорду ишке ашырууга 124 млн сом бөлгөн. Эсептөөлөр боюнча, жаңы өндүрүш Чүй облусунун жол куруу материалдарына болгон муктаждыгынын 10%га чейинки бөлүгүн камсыздай алат.