Ош шаарындагы “Аль-Мансур” кафеси толугу менен бузулду
Ош мэриясы
12 май

Ош шаарындагы “Аль-Мансур” кафеси толугу менен бузулду

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Аль-Мансур” кафеси толугу менен буздурулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Учурда аталган аймакта курулуш калдыктарын тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, шаар аймагындагы мыйзамсыз жана талаптарга жооп бербеген курулуштарды иретке келтирүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.