Ош шаарында "Келечек" балдар борбору оңдолууда
7 август

Ош шаарында "Келечек" балдар борбору оңдолууда

Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүндө жайгашкан "Келечек" балдар чыгармачылык борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, бул иштер шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жасалууда.

Борбордун дубалдары жаңыланып, холл менен тепкичтер кафель менен капталды. Эшиктер алмаштырылып, имараттын ичи-сырты акталып, сырдалды. Короого брусчатка төшөлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле арка жана дарбаза орнотулду.