www
15 март
Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква 2026-жылдын 15–17-март күндөрү Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Расмий сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Гана Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.
