Казакстан Газага аскерлерин жөнөтөт
20 февраль

Казакстан Газага аскерлерин жөнөтөт

Беш өлкө Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн (ISF) курамында Газа секторуна аскердик контингент жөнөтүүгө макул болду. Бул тууралуу миссиянын командачысы генерал-майор Джаспер Джефферс АКШда өткөн Тынчтык кеңешинин алгачкы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи болуп катышарын Индонезия, Марокко, Казакстан, Косово жана Албания ырастады. Дагы эки өлкө — Египет менен Иордания — жергиликтүү полицияны даярдоо иши менен алектенет.

АКШ президенти Дональд Трамп жыйында сүйлөп жатып, Казакстандын катышуусун өзгөчө белгиледи.

Анын айтымында, Албания, Косово жана Казакстан Газа секторунда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аскерлерди жана полиция кызматкерлерин жөнөтүүгө убада беришкен. Ошондой эле ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, Казакстанды «сонун жана бай өлкө» деп атады.

ISF командачысынын маалыматына караганда, жайгаштыруу иши Газанынын түштүгүндөгү Рафа шаарынан башталат. Ал жерде полицияны окутуу пландалууда, андан соң миссия «сектордон секторго» кеңейтилет. Узак мөөнөттүү план 20 миңге чейин коопсуздук күчтөрүнүн аскер кызматкерин жайгаштырууну жана 12 миң полиция кызматкерин даярдоону карайт.

Аскердик колдоодон тышкары, Казакстан Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө каражат бөлгөн мамлекеттердин катарына кирди. Трамптын айтымында, Казакстан, Азербайжан, БАЭ, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Кувейт сыяктуу өлкөлөр биргелешип 7 млрд доллардан ашык каражат бөлүшкөн. АКШ болсо Тынчтык кеңеши аркылуу кошумча 10 млрд доллар багыттоону пландап жатат.