www
7 апрель
Чукул билдирүү: Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстандын аймагында 8нен 10-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Ведомство тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар экендигин эскертет.
Дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкындар болушу мүмкүн.
Сел кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс болуңуз.
Өзгөчө кырдаалдар катталган учурда 112 бирдиктүү номуруна кайрылыңыздар.
