Жогорку Кеңеште жарандарга “прослушка” кандай тартипте жана кантип жасалаары айтылды
www
4 июнь

Жогорку Кеңеште жарандарга “прослушка” кандай тартипте жана кантип жасалаары айтылды

Жогорку Кеңеш Санарип кодексининин кабыл алынышына байланыштуу, айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү карады. 

Депутат Дастан Бекешев “прослушка” кандай тартипте жүрөөрүнө кызыкты. 

Башкы прокурордун орун басары Үмүт Коңкубаева “прослушка” үчүн сөзсүз тийиштүү тараптын уруксаты керектигин билдирди. 

“Кылмыш жаза процесуалдык кодексинде көзөмөл кылган прокурордон сөзсүз уруксат алынышы керектиги жазылган. Мунун баары жашыруун тартипте жүрөт жана бардык нормалар сакталат”, - деди Коңкубаева. 

Ал белгилегендей, ОРД (ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү) учурундагы “прослушкага” да көзөмөл жүргүзүлөт. 

“Анткени бул ар бир жарандын конституциялык укугу”, - деди башкы прокурордун орун басары. 

Коңкубаеванын айтымында, уюлдук операторлордон маалымат базасын алуу соттун чечими же прокурорлордун уруксаты менен гана ишке ашырылат.