Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулук жана уурдалган уюлдук телефондорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чаралар жүргүзүлдү
Бишкек шаарыны ИИББнын КИБдин жана Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын аймагында Б.Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тротуарларда жана унаа жолдорунда уюлдук телефондор жана алардын аксессуарлары менен уруксатсыз соода жүргүзгөн жарандар жана жеке ишкерлер аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасыны КЖКнын 217-беренесине (Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу) ылайык түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын КИБдин кызматкерлерине келип түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, Ош базарынын аймагындагы соода борборлорунун биринде тинтүү жүргүзүлүп, ар түрдүү үлгүдөгү 109 уюлдук телефон алынды. Жабырлануучулар табылып, уюлдук телефондор ээлерине кайтарылып берилди.
Борбордук милиция эскертет:
Эгерде сиз кылмыштуу аракеттерге туш болгон болсоңуз же шектүү жагдайларга күбө болсоңуз, жакынкы ички иштер бөлүмүнө же 102 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
