КР УКМК: Чек ара кызматынын аскер кызматчысы И.Т.М. жана чет мамлекеттин жараны F.B. кармалды
КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна залакасын тийгизген факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында КР Чек ара кызматынын аскер кызматчысы И.Т.М. жана чет мамлекеттин жараны F.B. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 338-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты.
Тергөөнүн жүрүшүндө F.B. аттуу чет элдик жаран И.Т.М.нын жардамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын уруксат документтери жок мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталган. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК чет өлкөлүк жарандын КР аймагына мыйзамсыз киришине тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
