«Манас» аэропортуна барчу жол жарык жана коопсуз болот
видеодон алынган кадр
16 июнь

«Манас» аэропортуна барчу жол жарык жана коопсуз болот

«Манас» аэропортуна барчу жол жарык жана коопсуз болот. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда «Манас» эл аралык аэропортун өлкөнүн борбор калаасы менен байланыштырган унаа жолуна тышкы жарыктандыруу орнотуу долбоору ишке ашырылууда. Бул унаа жолу Кыргызстандын эң маанилүү жолдорунун бири болуп саналат жана күн сайын миңдеген жүргүнчүлөрдүн, өлкө тургундарынын жана конокторунун жүрүүсүн камсыз кылат.

Долбоордун алкагында «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жеке каражаттарынын эсебинен заманбап үлгүдөгү 756 тышкы жарыктандыруу мамысы сатылып алынды. Долбоордун ишке ашырылышы жол кыймылынын коопсуздугун кыйла жогорулатууга, түнкү убакта көрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн башкы аба дарбазасына алып баруучу жолдун транспорттук инфратүзүмүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болот.

Долбоор «Кыргызстан аэропорттору» ААК тарабынан каржыланса, жарыктандыруу мамыларын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды монтаждоо иштери борбор калаанын муниципалдык кызматтары тарабынан аткарылуууда.