Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар тапшырмалар коюлду 
7 август

Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар тапшырмалар коюлду 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйын өттү. Ага Баткен районунун жана Баткен шаарынын, айыл чарба жана экономика тармагынын жетекчилиги катышты. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, анда 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Баткен облусундагы айыл чарба жана экономика тармагында өсүштөр бар экенин белгиледи.

Тактап айтканда, аймакта кайра иштетүүчү ишканалардын, логистикалык борборлордун, айыл чарба жана өндүрүш багытына насыя алган жарандардын саны өсүп жатканын айтып,экспорт жаатында Баткен өрүгү Америкага жеткенин алга жылуу деп белгиледи.

Ошондой эле бул тармактагы алга жылуунун артыкчулуктуу багыттары боюнча тапшырмаларды койду. Алар;

  • Тамчылатып сугаруу боюнча ар бир район 500 гектар аянтты өздөштүрүү
  • Кол эмгек кымбат болуп жаткан мезгилде, лизингге техникаларды алуу
  • Баштапкы материалдар саналган үрөн, көчөт, мал уругунун сапатына маани берүү менен өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу
  • Жасалган иш аракеттрге анализ жасоо
  • Алдын ала долбоорлорду даярдоо
  • Өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүү
  • Мөмө жемиштердин көлөмүн өстүрүү
  • Инвестиция тартуу
  • Экспорттун көлөмүн өстүрүү
  • Ички дүң продукциянын өсүүсүнө салым кошуу
  • Жеңилдетилген насыяны максаттуу пайдалануу
  • Тажрыйба алмашуу.

Мындан сырткары, жыйында курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылуусу боюнча да маселелер каралып,тапшырмалар коюлду.

Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин Улуттук программаны ишке ашырууда, ички дүң продукциянын көлөмүн 30 млрд долларынан кем эмес деңгээлге жеткирүү белгиленген.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Жаңы Баткен шаарын куруу долбоорун кубаттап, сугат суу, таза суу жана канализация системасын ишке ашыруу колдоого алынаарын, ошондой эле Жаңы Достук айылынын да сугат суу жана таза суу маселелери чечилэрин белгиледи.

Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон иш сапарында, суу сактагыч жана сугат каналдары курулуучу жайларды көрүп чыгып, долбоорлору менен таанышууда.