Бишкекте онкологиялык оорулуу балдар үчүн жатак үйдүн курулушу башталды
Бишкекте онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар жана алардын ата-энелери үчүн пансион курула баштады. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.
Пансион Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында курулуп жатат. Ал 200 орунга ылайыкталган. Курулушту 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Султан Стамбековдун айтымында, бул жай оорукана алдындагы мейманкана форматында иштейт. Анда балдар ата-энелери менен бирге химиотерапиянын курстарынын ортосунда жашай алышат.
Дарыгер белгилегендей, бейтаптардын көбү Кыргызстандын алыскы аймактарынан келип, миң чакырымдан ашык жол жүрүшөт. Ар бир химиотерапия курсунан кийин үйүнө кайтып, андан соң кайра Бишкекке келүүгө аргасыз болушат.
Пансиондун ачылышы үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын жана узак жол жүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, инфекциялардын, оорунун татаалдашуусунун жана кайрадан ооруканага жаткырылуунун тобокелдигин төмөндөтүп, балдардын дарылоону өз убагында улантуусуна шарт түзөт.
Стамбековдун айтымында, буга чейин ал биринчи айым Айгүл Жапаровага балдар онкологиясын өнүктүрүүгө багытталган үч долбоорду сунуштаган. Учурда алардын баары ишке ашыруу баскычында турат.
