Оор кылмыштарды жасоого айыпталган эки адам Кыргыз Республикасына экстрадицияланды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Грузия жана Казакстандын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган эки жаран өлкө аймагына жеткирилди.
Алардын бири – Т.Ж. – адамдардын алдын ала сүйлөшүп алуусу боюнча адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жана анын шериктери жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, күч колдонуу менен коркутуп, ага таандык коммерциялык уюмду өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
Экинчи фигурант – Х.А. – өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ишенимге кирүү жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Экстрадицияланган адамдар ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргыз Республикасына жеткирилип, андан ары кылмыш куугунтуктоону жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.
