Чолпон-Атада 24 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Кылмыш иши козголду
Чолпон-Атада 24 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, 2025-жылдын 16-август күнү болжол менен саат 10:25 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын биринде 2001-жылы туулган А.А. аттуу жигит каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгында маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан эс алууга келгендиги, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен өз ара пикир келишпестиктен улам дене жаракатын алып, кийинчерээк каза болгону аныкталды.
Окуя болгон жерден далил буюмдар табылып алынды. Аталган факт катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 2011-жылы туулган У.Т., 2008-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандардын өздүгү аныкталып кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.
