Жабдуулар гана эмес: системалык кайрымдуулук Кыргызстандагы медициналык жана социалдык жардамды кантип өзгөртүүдө
Медициналык жана социалдык мекемелерди колдоо, жабдууларды берүү менен гана чектелип калбаганда натыйжасын берет. Кыргызстанда мындай ыкма акырындык менен техникалык каражаттарды, адистерди окутууну жана жардамдын сапатын андан кийин текшерүүнү бириктирип жатат.
Акыркы эки жылда “Эл-Ди-Эс Черитиз” Кыргызстандагы медициналык жана социалдык тармактардын ишмердүүлүгүн кеңейтти.
Төрөт үйлөр, периниталдык борборлор, интернаттар, карылар үйү, майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөткөн реабилитациялык борборлор жана уюмдар колдоо алышты.
Ошол эле учурда басым бир гана жабдууларды берүүгө жасалган жок, аны менен катар адистерди окутуу, техникалык коштоо жана жыйынтыктарды андан кийин баалоо да орун алды.
Бир жолку жардамдан узак мөөнөттү долбоорлорго карай
Ар бир долбоорду баштаар алдында “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фондунун адистери конкреттүү мекеменин муктаждыктарын изилдешет, имараттардын акыбалын баалашат жана кандай жабдуулар чындап зарылдыгын аныкташат.
Жабдуулар жеткирилгенден кийин кызматкерлер окуудан өтүшөт, а бир нече айлардан соң дагы бир жолу текшерүү жүргүзүлөт. Мындай ыкма берилген ресурстар канчалык натыйжалуу иштетилип жатканын жана кошумча колдоону зарылбы же жокпу – түшүнүүгө жардам берет.
Фонддун долбоорлор координатору Алия Гомерсалл мүлктү өткөрүп бергенден кийин иш аяктабай турганын белгилейт. Адистер мекеме кызматкерлерине кеңеш берип, коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерип, андан соң үч жана алты айдан кийин жыйынтыктарды баалоо үчүн кайтып келишет.
Неонаталдык жардамды өнүктүрүү фонддун негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Төрөт үйлөрүндө жана перинаталдык борборлордо окуу класстары жана машыгуу аянтчалары түзүлөт, мында дарыгерлер, акушерлер жана медайымдар ири адистештирилген мекемелерге барбай эле практикалык көндүмдөрүн өркүндөтө алышат.
Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын жетекчиси Сагынбүбү Абдувалиеванын айтымында, фонддун колдоосу менен өлкөдө ымыркайларды алгачкы реанимациялоо программасы киргизилген. Эки жыл ичинде медициналык мекемелерге ымыркайларды дем алдыруучу 70 Bubble CPAP аппараты, 35 пульсоксиметр, окуу манекендери жана Амбу баштыктары берилген.
Неонатологдор, акушерлер жана орто медицина кызматкерлери үчүн практикалык курстар бир учурда өткөрүлүүдө. 2026-жылдын апрель жана май айларында Бишкек, Ош жана Манаста башка жактан чакырылган адистердин катышуусунда жумалык тренингдер өттү.
Фонддун директору Дмитрий Цай мындай долбоорлордун натыйжалуулугу жеткирилген жабдуулардын саны менен эмес, аларды медициналык кызматкерлери кризис учурунда канчалык туура колдонууга даяр экендиги менен аныкталат деп баса белгилейт.
«Ымыркайдын өмүрү жөнүндө сөз болгондо, мүнөттөр чечүүчү күчкө ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан аппараттын мекемеде бардыгы эмес, анын даяр адистин колунда болушу маанилүү», — деп белгилейт ал.
Долбоорлордун бир бөлүгү социалдык чөйрөдө да ишке ашырылат. Мекемелерге жылытуу системаларын модернизациялоого, суу чыпкаларын орнотууга, ашканаларды жана кир жуучу жайларды жаңылоого, эмерек, керебет, матрацтарды жана башка зарыл буюмдарды сатып алууга көмөк көрсөтүлөт.
100дөн ашуун адам жардам алган Сокулук майыптарды реабилитациялоо борборунда жылытуу системасы жаңыртылды, ичүүчү суу үчүн чыпкалар орнотулду жана килемдер сатып алынды.
Борбордун директору Бурул Туманова модернизация турмуш-тиричиликтин шарттарын бир топ жакшыртканын айтат. Имарат 1940-жылдары курулган, ошондуктан от казандын алмаштырылышы жана бөлмөлөрдү жаңылоо тарбиялануучулардын жашоосун ыңгайлуу, ал эми кызматкерлердин ишин коопсуз кылууга мүмкүндүк берди.
200дөн ашуун улгайган адамдар жана майыптар жашаган Бишкектеги "Үмүт Үйү" социалдык стационардык мекемесине заманбап ашкана жана мончо-кир жуучу жабдуулар берилген. Борбордогу Балдардын атайлаштырылган үйүндө мончо-кир жуучу блок жаңыртылды.
Краснореченск атайын мектеп-интернатында 225 тарбиялануучу үчүн эмеректер жана төшөнчүлөр алмаштырылды.
Ак-Суу реабилитациялоо борборунда балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар жана аларды коштоп жүргөн ата-энелери үчүн ортопедиялык матрацтары бар жаңы керебеттер орнотулду.
Майыптыгы бар адамдарды кыймылдоого жардам берүүчү каражаттар менен камсыз кылууга байланыштуу өзүнчө багыт бар. Акыркы учурларда Кыргызстандын аймактарына 700 коляска жана 200 басуучу шайман берилди. Долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.
Адистер техникалык каражаттарды берүү менен гана чектелбестен, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди жана ал каражаттарды алган тарапты коляскаларды туура тандоо жана коопсуз пайдалануу боюнча окутушат. Пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин, кыймылдоого жардам берчү каражаттар социалдык коргоо тутумуна кайтарылып, башка адамдарга берилиши мүмкүн.
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн фонд Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү министрлиги, Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы, Кыргыз акушерлер альянсы, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.
Келечекте социалдык программаларды кеңейтүү пландалууда. Аялдардын баш калкалоочу жайларын жана кризистик борборлорду колдоо мүмкүн болгон багыттардын катарына кирет.
Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, эң туруктуу натыйжа жабдууларды жеткирүү персоналды окутуу менен коштолгондо, техникалык колдоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлгөндө жетишилет.
Мындай мамиле медициналык жана социалдык мекемелердин материалдык базасын жаңыртууга гана жардам бербестен, өзгөчө муктаж болгон адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатат.
