Ноокатта жылына 500 миң тонна жер семирткич өндүрө турган ишкана курулууда
Ноокат районунун Т. Кулатов атындагы айыл аймагында жылына 500 миң тонна жер семирткич өндүрүүгө багытталган ири заводдун курулушу жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинан кабарлашкандай, завод үч этап менен курулат.
Учурда заводдун биринчи этабы аяктап, административдик имараттын ачылыш аземи өткөрүлдү. Планга ылайык, завод 2026-жылдын сентябрь айында жер семирткич өндүрүп, толук кандуу ишке кирет.
Долбоордун жалпы сметалык наркы 260 млн АКШ долларын түзөт. Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 3 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул ири долбоор Ноокат районунун жана жалпы Ош облусунун экономикасын өнүктүрүүгө, айыл чарбасын жер семирткич менен камсыздоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө маанилүү салым кошот.
