Кыргыз акындары Алматыдагы Эл аралык поэзия конгрессине катышат
2026-жылдын 26-июлунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Искусство музейинде Тынчтык үчүн Дүйнөлүк поэзия Конгресси өтөт. Эл аралык иш-чара VI Жибек Жолу эл аралык поэзия фестивалынын алкагында уюштурулуп, Евразиянын ар тарабынан келген жүздөн ашуун акындын башын бириктирет.
Конгресстин негизги максаты – поэзия аркылуу тынчтыкты, маданияттар аралык диалогду жана элдердин өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоо. Иш-чара дүйнөлүк адабий коомчулуктун тынчтыкты жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга багытталган демилгелеринин бири болуп саналат.
Конгресске Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан белгилүү акындар катышып, көп тилдүү поэзия окуулары, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий алмашуулар өткөрүлөт. Катышуучулар поэзиянын элдерди жакындатуудагы, маданий ар түрдүүлүктү сактоодогу жана достукту чыңдоодогу өзгөчө ордун белгилешет.
Иш-чараны белгилүү акындар жана адабият өкүлдөрү – Цао Шуй жана Ван Фанвен (Кытай), Улугбек Эсдаулет (Казакстан), Алтынай Темирова (Кыргызстан), Усмон Азим (Өзбекстан) жана доктор Ашраф Абул-Язид (Египет) алып барышат.
Кыргызстанды аталган эл аралык иш-чарада төмөнкү акындар өкүлчүлүк кылышат:
Акбар Рыскулов, Асан Жакшылыков, Доктурбек Юсупов, Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал),Кыялбек Урманбетов, Каныбек Иманалиев, Алтынбек Исмаилов, Алтынай Ормотоева, Элдар Аттокуров, Алтынай Темирова.
Кыргызстандын акындарынын катышуусу өлкөнүн адабий мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга, маданий байланыштарды чыңдоого жана тынчтык менен достукту даңазалаган дүйнөлүк поэзия кыймылына салым кошууга өбөлгө түзөт.
