Жогорку Кеңештин комитети Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды
Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды.
Талкуу маалында депутат Улукбек Карыбек уулу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору тууралуу сөз болгондо жарандардын көбү аны өлкөдөгү эң коррупциялашкан жана бюрократиялашкан мекемелердин бири катары кабыл аларын белгилеп:
«Бул борбордун жоопкерчилигин күчөтүп, жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин жакшыртуу зарыл. Ага ылайык, сентябрь айына чейин мекеменин ишин реформалоого багытталган сунуштарды чогултабыз. Алар комитеттин тиешелүү чечиминде камтылат», – деген Улукбек Карыбек уулу майыптуулукту аныктоо жана жеке ассистент макамын ыйгаруу тартибине байланышкан бир катар көйгөйлөргө токтолду.
Ал эми депутат Жайлообай Нышанов медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кадрдык потенциалын жогорулатуу жана жаш адистерди тартуу зарылдыгын белгилеп, штаттык курамдын 64% пенсия курактагы адистер түзөрүн жүйө келтирди. Муну менен катар эл өкүлү мекеменин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселесине да көңүл бурду. Депутат Салтанат Аманова майыптык тобун аныктоо тартиби тууралуу сөз кылып, туруктуу диагнозу бар жарандарды тиешелүү реестрге киргизүү аркылуу кайра-кайра экспертизадан өткөрүүнү болтурбоо боюнча сунушун айтты. Өз кезегинде депутат Жылдыз Эгенбердиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу керектигин билдирсе, эл өкүлү Нуржамал Торобекова Даун синдрому жана аутизм менен жабыркаган балдарды экспертизадан өткөрүүнүн жаңы тартибин тактады. Комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова жеке ассистенттердин кызмат акыларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
