Баткенде быйыл ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
20 июль

Баткенде быйыл ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет

Баткен шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн облус башчысы Мамыржан Рахимов үйлөрдүн курулушунан кабар алды.

“Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2", "Асман резиденс №3" турак жай комплексттери, Курманжан Датка-Алымбек Датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жатат. Үч комплексттеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт.

Быйылкы жылы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинин 17 блогу, 1050 батир жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Учурда ипотекалык үйлөрдүн суу кампасы, саркынды суу системасынын курулушу жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө облус боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак үй алуу үчүн 3 425 адам кезекте турат.

Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына куруу пландалган, ал үчүн жер участоктору ажыратылып, сунуштар жиберилген.