
Майрамдарды жана жаңы жылдык эс алуу күндөрүн кыскартуу - жаңы Эмгек кодексинин долбоору
9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин долбоору жана “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Жылдыз Полотова тааныштырды.
Мыйзам долбоорлору менен Эмгек кодексин жаңы редакцияда кабыл алуу сунушталууда. Эмгек мыйзамдарынын максаттары жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, эмгектин жагымдуу шарттарын түзүү, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эмгек мыйзамдары тараптардын эмгек мамилелеринин кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.