Токмок шаарындагы мушташка катышкандар кармалып тийиштүү жоопко тартылды
2026-жылдын 22-августунда Токмок ШИИБине Токмок шаарынын борбордук аянтында бир нече бала бир өспүрүмдү сабап жаткандыгы маалым болгон.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, мушташкан адамдар ал жерден табылган эмес.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуяга катышкан өспүрүмдөр аныкталып, 2007-ж.т. А.Д., 2007-ж.т. К.К. жана 2008-ж.т. Б.Э. экендиги такталган.
Такталган маалыматтарга ылайык, 22-августта А.Д. Токмок шаарынын аянтында таанышы менен бара жаткан учурда достору К.К. жана Б.Э. менен жолуккан. Сүйлөшүп турган учурда К.К. тарабынан А.Д.га карата орой сөздөр айтылып, пикир келишпестик жаралган.
Экөөнүн ортосунда мушташ чыгып, өтүп бара жаткан жарандар ажыратышкан.
Бул факт Токмок ШИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
