Бишкекте коомдук тартипти бузган эки кыз жоопкерчиликке тартылды
Кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарда эки кыздын катышуусундагы видеоматериал кеңири тарады.
Видеодо кыздар коомдук жайда жүрүп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуп, бири-бирин сөгүп, орой сөздөрдү айтышкан. Мындан тышкары, алардын ортосунда мушташ болгон.
Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери окуяга катышкан кыздардын өздүгүн аныктап, аларды Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткиришкен:
— 2004-жылы туулган А.Ш.
— 2007-жылы туулган К.С.
Эки жаранга тең Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Материалдар сотто каралганга чейин аталган жарандар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактоого, айланадагыларга урмат-сый менен мамиле кылууга, коомдук жайларда орой сөздөрдү айтуудан, кемсинтүү
