Эртең ажылык сапарга каттоо башталат
2026-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо эртең, 23-сентябрда башталат. Бул тууралуу муфтияттан эске салышты.
Каттоо тартиби бир гана электрондук же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
"Элдик Банктын" ажылык сапар эсебине алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сом төлөш керек.
Төлөм квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.
Ажылыкка талапкерлер банкка каражатты төлөгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча бирдиктүү тизме боюнча каттоого тургузулат.
23-сентябрдан баштап 2-октябрь күнү саат 17:00гө чейин керектүү документтерди толуктап, облустук жана шаардык казыяттарга караштуу аймактык операторлорго барып катталуу зарыл.
Мөөнөтүнөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.
