Парламент Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун отставкасын кабыл алды 
10 октябрь

Парламент Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун отставкасын кабыл алды 

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында Жогорку соттун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды. 

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Жогорку соттун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушун киргизди.