Кыргызстанда судьялык кызматка талапкерлердин резервине 377 адам арыз берди
4 сентябрь

Кыргызстанда судьялык кызматка талапкерлердин резервине 377 адам арыз берди

2026-жылдын 2-сентябрында биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүү боюнча конкурстук тандоого катышууга арыздарды жана документтерди кабыл алуу аяктады. Жалпысынан конкурска катышуу үчүн талапкерлерден 377 арыз келип түштү.

Конкурс Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан 2026-жылдын 29-июлунда жарыяланган. Арыздарды жана документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 19-августунан 2-сентябрына чейин кошо алганда, «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлдү.

Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш мамлекеттик органдардан талапкерлер жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды сурайт.

Арыздарды жана берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкерлерди конкурстук тандоонун биринчи этабы — компьютердик тестирлөөгө катышууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Конкурстук тандоо төмөнкү төрт этаптан турат:

компьютердик тестирлөө;
жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу;
берилген документтерди баалоо;
талапкерлердин кесипти