Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга барат
10 октябрь

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга барат

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.