Ноокен районунда 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылган коллегия өттү
Күн мурун, 27-январда Ноокен районунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, район жетекчилиги, шаар жана айыл аймак башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.
Коллегияда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аткарылган жумуштар, өткөн жылдагы жетишкендиктер жана кемчиликтер каралды.
Ошондой эле 2026-жылга карата пландар жана артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.
