Депутат: Айрым муктаж жарандар телевизор, кир жуугуч машинасы болгону үчүн эле пособие ала албай калышууда
Депутат Бактияр Калпаев социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында пособиеге байланышкан маселени көтөрдү.
Айтымында, муктаж жарандар туугандарынын үйүндө жашаганы же үйүндө телевизор, кир жуугуч машинасы болгону үчүн эле пособие ала албай калышууда.
Ал эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбековага кайрылып, ушул маселеге көңүл буруп коюусун өтүндү.
“Кээ бирине кир жуугуч машинасы үчүн, кээ бирине автоунаасы бар үчүн, ал эми айрымдарга күйөөсү чет өлкөдө иштеп жатканы үчүн пособие берүүдөн баш тартышыптыр. Болбосо мунун баары пособие чектөөдө талап кылынбайт эмеспи”, – деди депутат.
Ализа Солтонбекованын айтымында, социалдык кызматкер үй-бүлөнү сурамжылоого алат, бирок автоунаа жана кир жуугуч машина чечим кабыл алууга таасирин тийгизбейт.
“Үйүндө эмне бар жана эмне жогу пособие чектөөдөгү эрежелерде каралган эмес. Болгону үй-бүлөнүн кирешеси гана эсепке алынат”, – деди ал.
“Социалдык кызматкерлер ушундай суроолорду берүү менен жарандарды жаңылыш ойго түртүшү мүмкүн. Ал техниканы балким, аларга ким бирөө белек кылгандыр. Ошондой мамиле жасагандарга, пособие берүүдөн талапта жок нерсени бетке кармап баш тарткандарга чара көрүү керек”, – деди Калпаев.
Ализа Солтонбаева санариптештирүүнүн алкагында пособие чектөө милдетин жергиликтүү бийлик органдарына берүү пландалып жатканын, анткени, алар үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн жакшы билишерин айтты.
