Кадамжайда автоунаа алып-сатуудагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
15 июнь

Кадамжайда автоунаа алып-сатуудагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Кадамжай районунун 27 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2025-жылдын май айында сырттан тааныш болгон М.Ш. аттуу жаран анын беш автоунаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткенин билдирген. Ошондой эле шектүү бизнес баштай турганын айтып, кыска мөөнөттө кайтарып берүүнү убада кылуу менен 3 миллион 510 миң сом акча каражатын да алдоо жолу аркылуу алган. Кийинчерээк ал телефонун өчүрүп, изин жашырып кеткен.

ул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Кадамжай РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну М.Ш. аныкталып, кармалды.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.