Тармактык комитет мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
3 март

Тармактык комитет мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда жактырды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Анын негизинде кылмыш-жаза мыйзамдарына мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, анын ичинде жабырлануучу менен жарашкан учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталууда. Ошондой эле мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн А1 подкатегориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттүү кылуу каралган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан жазалардын катаалдыгын эске салып, оор эреже бузган айдоочунун мас абалын аныктоо ишине этияттык менен мамиле кылуу керектигин билдирди. Эл өкүлү бул үчүн промилле чектерин мыйзамда так көрсөтүүнү жана сапаттуу алкотесттерди колдонууну сунуштады. Мындан тышкары депутат Дастан Бекешев самокат, скутер айдоочуларын жөө жүргүнчүлөрдөн өзүнчө бөлүп кароо, мыйзамсыз алынып келинген мопеддерди легалдыштырып, каттоого алуу зарылдыгына да токтолду.

Ал эми депутат Болотбек Борбиев 0,3 (кандын анализинен) жана 0,16 (алкотесттен) промилле чектерин мыйзамга киргизүү бир катар изилдөөлөрдү талап кыларын айтып, азырынча токтомдун негизинде колдонуу туура экендигин билдирди. 

Комитет мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө», «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун дагы экинчи окууда колдоду.