Бишкектин мэри канча маяна аларын айтты
7 апрель

Бишкектин мэри канча маяна аларын айтты

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев телеканалдардын бирине берген маегинде анын айлык акысы тууралуу маалымат жашыруун эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, кызматтык маянасы 96 миң сомду түзөт, ал эми кошумча төлөмдөр менен бирге айына болжол менен 100 миң сомго жетет.

Ошондой эле ал мамлекет тарабынан өзгөчө артыкчылыктарга ээ эместигин белгиледи.

Мындан тышкары, калаа башчысы мурда мамлекеттик кызматкерлер үчүн кошумча бонус жана жеңилдиктер болушу мүмкүн экенин, бирок азыркы учурда мындай артыкчылыктар дээрлик жок экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик кызматкерлер тең шартта иштешет.

Жунушалиев ошондой эле жакында операция болуп, шаардык ооруканалардын биринде дарыланганын билдирди. Ал атайын эмес, кадимки медициналык мекемени тандаганын айтып, бул аркылуу көрсөтүлүп жаткан кызматтардын деңгээлин жеке баалап, саламаттык сактоо системасындагы айрым көйгөйлөрдү байкоого мүмкүн болгонун кошумчалады.