Ош шаарындагы мебель жана килем базары башка жакка көчүрүлдү
28 январь

Ош шаарындагы мебель жана килем базары башка жакка көчүрүлдү

Ош шаарындагы мебель жана килем базары Жаңы Ош базарына көчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев соодагерлер менен жолугуп, соода жайын кыдырып көрдү.

Мэр соодагерлерге жаңы базарда ийгиликтерди каалап, ак батасын берди.

Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта соодагерлер жаңы соода жайларына жайгаша башташты. Көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясы көмөк көрсөтүүдө. Соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, соода жайлары жабык имаратта жана жолго ыңгайлуу, кенен аймакта жайгаштырылды.

Эске салсак, буга чейин аталган базар Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн жээгинде, турак жайлардын алды соода орундарга айланып иштеп келген. Айрым учурларда соодагерлер унаа жолго чейин чыгып соода кылышкан.

Бул иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин базарларды бир аймакка топтоо демилгесинин алкагында ишке ашырылууда. Учурда Ош шаарындагы отуздан ашык майда базарлар жаңы ачылган Жаңы Ош базарына көчүрүлдү. Алар менен базар дирекциясынын ортосунда келишимдер түзүлүп, иш алып баруу уланууда.