Кыргызстанда болгону эки фониатр дарыгер иштейт
сүрөт: depositphotos.com
16 сентябрь

Кыргызстанда болгону эки фониатр дарыгер иштейт

Кыргызстанда бүгүнкү күндө үн аппаратынын оорулары менен алектенген болгону эки фониатр дарыгер иштейт. Бул тууралуу Эл аралык жогорку медициналык мектептин атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты, ЛОР-дарыгер жана фониатр Альфиза Орозалиева «Sputnik Кыргызстан» радиосунун «Өзгөчө басым» программасында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн калкына мындай сандагы адис жетишсиз.

Фониатр үн бүктөмдөрүнүн ооруларын аныктоо жана дарылоо менен алектенет. Үн узак убакыт каргылданып, өзгөрүп кеткенде, тамакта бир нерсе тургандай сезим пайда болгондо, жутуунун айрым бузулууларында жана үн аппаратына байланыштуу башка көйгөйлөрдө фониатрга кайрылуу керек.

Айрыкча кесиби боюнча үнүнө туруктуу күч келтирген адамдарга — мугалимдерге, окутуучуларга, ырчыларга, артисттерге, дикторлорго жана алып баруучуларга фониатрдын жардамы талап кылынышы мүмкүн.

Орозалиеванын айтымында, үн функциясынын бузулушу учурунда дарыгерге өз убагында кайрылбоо органикалык өзгөрүүлөргө, мисалы, үн бүктөмдөрүндө түйүнчөлөрдүн же кисталардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.