Алимжанова: Ноокатта турак жай курууга жер берилбегендиктен, бир короодо 28 адам жашап, ажырашуу, суицид көбөйдү
Депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат районунда турак жай курууга жер бөлүнүп берилбегендиктен, аймакта ажырашуу жана сырткы миграция көп болуп жатканын билдирди.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевге кайрылып, министрликтин аймактагы башкармалыктары азык-түлүк коопсуздугуна зыянын тийгизбеген жерлерди аныктап, турак жай курууга болот деген корутунду чыгарганына карабай, борбордон четке кагылып жатканын айтты.
«Август айында эл менен жолугуштук. Эң көп берилген суроо Кадастр, Мамлекеттик каттоо жана сиздердин министрликтин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. Айыл чарба министрлигинин корутундусу боюнча, Ноокат районунда Мамлекеттик ипотекалык компания үй кура турган жер бөлүнгөн. Бирок ал жерге жакынкы 3-4 жылда турак жай курулбайт, анткени, канализация жок, суу жок. А райондо эл абдан жыш жайгашкан, жер маселесин чечпесе болбойт. 6 сотых бир короодо 27-28 адам жашап жатат. Анын айынан ажырашуу, суицид көбөйдү. Былтыр анчалык эмес болчу, быйыл эл абдан агрессия менен суроо берип жатышат. Ноокат районундагы бир айылда эле 40 миң эл жашайт. МИК үй курбай турган жерлерди кантип чечесиздер?» – деди Алимжанова.
Айтымында, Айыл чарба министрлигинин аймактык башкармалыгы азык-түлүк коопсуздугун бузбайт деп жерлерге корутунду чыгарып, аны министрликке жөнөтүшөт. Бирок иреттүү келген документтер министрликтин терс корутундусуна ээ болот.
«Ошондо, сиздер өзүңүздөрдүн башкармалыгыңыздарга ишенбейсиздерби? Анда башкармалыктардын эмне кереги бар. Алар деле баарын мыйзамдуу карашат, болбосо башы менен жооп беришет. Айыл чарбага тиешелүү жерлерге эч ким үй курууга болот деп корутунду чыгара албайт», – деди депутат.
Жаныбек Керималиев аймактык башкармалыктардан корутунду максатка ылайыксыз келип жатканын, айыл чарбага ылайыктуу, түшүмдүү, семиз жерлерге үй курууга болбой турганын айтты эле, депутат корутунду так ошол суу жок, дыйканчылык кылууга мүмкүн болбогон жерлерге берилип жатканын дагы бир жолу кайталады.
«Анда биз ошол жерлерди барып көрүп келели», — деди анда Керималиев.
«Көрүп келиңиздер, кабинеттен чыгыңыздар, өтүк кийиңиздер, эл аралаңыздар. Эмоцияга алдырганымды кечирип коюңуздар. Бирок айтууга туура келип жатат. Бул маселе чечилбесе, бир ажырашуу, миграция көбөйүп, азык-түлүк коопсуздугу бир тыйын болуп калат. Эл сууну өзүбүз чыгаралы, жолду өзүбүз куралы, иши кылса балдарыбызды бөлүп, өзүнчө оокат кылдыралы деп жатышат», – деди Алимжанова.
