Бишкектин айрым аймактарында 25-сентябрда ичүүчү суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 25-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү.
Анын ичинде: «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын бешик», «Салам Алик» конуштары жана Маевка айылы.
«Северный» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

