Үч-Коргон ГЭСинде №3-гидрогенератордун ротору ийгиликтүү орнотулду
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, 2025-жылдын 22-сентябрында Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо алкагында эң маанилүү жана техникалык жактан татаал этаптардын бири — №3-гидрогенератордун шахтасына роторду түшүрүү иши ийгиликтүү аткарылды.
Бул — ГЭСти жаңылоого багытталган кеңири масштабдагы долбоордун алкагында реконструкцияланып жаткан төрт агрегаттын экинчиси.
220 тонналык ротор — бул агрегаттын эң оор жана эң ири бөлүгү болуп саналат. Ал көпүрөлүү кран аркылуу орнотулду, бул крандын жүк көтөрүмдүүлүгү 250 тоннаны түзөт.
Мындай операция Үч-Коргон ГЭСинде мындан 60 жыл мурда, совет мезгилинде станция курулуп жатканда гана бир жолу аткарылган. Бул жолу ошол тарыхый окуя замандын талабына жараша, заманбап технологиялар менен кайталанды.
Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи ГА-3 ны реконструкциялоо иштеринин 70% аткарылды. Гидроагрегаттын калган чогултуу иштери ылдамдатылган режимде жүргүзүлүүдө. Долбоордун негизги подрядчиги болуп Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы саналат.
Экинчи гидроагрегат боюнча жумуштардын аткарылышынын пайызы:
• Демонтажы — 100%
• Монтажы — 70%
• Статор чогултуу — 100%
• Ротор чогултуу — 100%
• АБ (кошумча иштер) — 100%
• SCADA монтажы — 27,4%
• Кургатуучу системалар — 49,8%
• Майлоо жана техникалык иштер — 41,2%
• ВБ көтөрүүчү механизм — 24,7%
• МНГП — 12,9%
• ОРУ-110 кВ — 3,4%
Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 189 МВт. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтга жогорулатылат, бул аймактагы электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыздоону күчөтөт. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери 2025-жылдын ноябрь айында аяктап, ишке киргизүү пландалууда.
