Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен $3,6 миң жакын пенсия алышат
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен $3,6 миң жакын пенсия алышат

Кыргызстандын Түштүк Кореяда расмий иштеп, бул өлкөнүн пенсиялык системасына катышкан жарандары ал жакта топтолгон каражаттарын ала алышат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, төлөмдү алуу үчүн Түштүк Кореяда иштеген мөөнөттү ырастап, керектүү маалыматтарды берүү зарыл. Социалдык фонд тиешелүү маалыматтарды расмий каналдар аркылуу корей тарапка жөнөтөт.

Мукамбетовдун маалыматына караганда, мындай төлөмдүн орточо өлчөмү 3,6 миң долларды түзөт.

Буга чейин Социалдык фонд Түштүк Кореянын Улуттук пенсия кызматы тарабынан кыргызстандыктарга төлөмдөр жүргүзүлөрүн билдирген. Анда төлөмдүн орточо суммасы 3 миң 642 долларды түзгөн.