Бишкекте 40 кабаттуу комплекс пайда болот
Бишкектин түштүк тарабында бүгүн, 22-сентябрда болочоктогу "Хан-Теңири" көп функцияналдуу комплексин курулушуна капсула салуу иш-чарасы өттү.
Участок дээрлик 18,8 чарчы метрди ээлейт.
Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, долбоорду ишке ашыруу борборду өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болорун билдирди.
Долбоорго ылайык, комплекс үч мунарадан турат.
