Бишкек – Токмок багыты боюнча убактылуу шаардык автобустар жүрө баштады
Ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Бул убактылуу каттам Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттордун убактылуу жоктугуна байланыштуу уюштурулду.
