Ошто туристтик сезон расмий түрдө ачылды
26 март

Ошто туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Бүгүн, 26-мартта Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туристтик сезондун ачылышына арналган “Ош менен Сулайман-Тоо сооданын жана маданияттын көпүрөсү” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү бийликтин жана Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, туроператорлор, ички жана чет элдик туристтер, кол өнөрчүлөр, жергиликтүү тургундар катышты.

Туристтик сезондун ачылышына карата улуттук даамдардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенир жарманкеси көргөзүлүп, жаңы сезонго карата жаңылыктардын презентациясы тааныштырылды.

Ошондой эле Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий эстеликтерине комплекстүү маршруттук экскурсиялар уюштурулуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду.