Эмгек министрлиги
9 июль
Эмгек министрлиги менен ДБ социалдык чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн, пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү маселелерин, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулашты.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты социалдык жактан коргоо механизмдерин өнүктүрүүгө, иш менен камсыз кылуу саясатын өркүндөтүүгө жана эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
