Абайлаңыз! Шылуундар салык милдеттенмелери тууралуу жасалма билдирүүлөрдү таратууда
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертет.
Акыркы учурда белгисиз адамдар салык милдеттенмелерин төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды Салык кызматынын атынан жөнөтүлгөн расмий билдирүү катары көрсөтүүдө.
Шылуундардын негизги максаты — жарандарды адаштыруу жана мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алуу.
Ушуга байланыштуу жарандарды сак болууга жана төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырабыз:
• расмий билдирүүлөр почта аркылуу же “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу гана жөнөтүлөт;
• Cалык кызматы WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жибербейт;
• салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттерге акча которууну талап кылбайт.
Эгерде сизге шектүү билдирүү келсе:
• шектүү шилтемелерди ачпаңыз;
• жеке маалыматтарыңызды, сырсөзүңүздү, SMS-кодуңузду жана банк карталарыңыздын реквизиттерин бербеңиз;
• белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;
• маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып, тактаңыз;
• маалымат алуу үчүн 116 номерине чалыңыз.
Эскерте кетсек, “Салык төлөөчүнүн кабинети”, ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу салык боюнча карыздардын бар-жогун ыкчам текшерүүгө жана төлөм жүргүзүүгө болот.
Салык кызматы жарандарды сак болууга, шылуундардын айла-амалдарына алданбоого жана шектүү кайрылуулар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.
