Оштогу облустук оорукананын айланасы иретке келтирилет
Ош шаарындагы облустук оорукананын айланасы иретке келтирилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев бүгүн облустук оорукананын Монуев жана Мадумаров көчөсү тарабынан кирген бөлүктөрүн иретке келтирүү, жаңы соода жана тамактануучу жайларга, дарыканаларга орун берүү боюнча даярдалган долбоорлор менен таанышты.
