Кожомкул милиция бөлүмчөсү: Баңгизаттарды жашыруун жайгаштыруу фактыларынын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлүүдө
20 июль

Кожомкул милиция бөлүмчөсү: Баңгизаттарды жашыруун жайгаштыруу фактыларынын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлүүдө

2026-жылдын 18-июль күнү саат 22:30 убакыттан тартып Кожомкул милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы жергиликтүү тургундар менен биргеликте баңгизаттарды жашыруун жайгаштыруу («закладчик») фактыларын аныктоо жана алардын алдын алуу максатында атайын рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мүмкүн болгон жашыруун жайгаштыруу жерлерин текшерип, шектүү адамдарга көзөмөл жүргүзүп, жарандар арасында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин да өткөрүштү.

Чүй облусунун милициясы жарандарды баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон учурда дароо «102» кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө билдирүүгө чакырат.

Биргелешкен аракеттер коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана баңгизат кылмыштарына каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.