Кыргызстанда “псевдопсихологдорго” ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат
22 сентябрь

Кыргызстанда “псевдопсихологдорго” ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында атайын кесиптик билими жок туруп, өзүн өзү психолог атап, бул жаатта ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандарга тыюу салууга арналган мыйзам долбоору каралды. 

Депутат Илимбек Кубанычбековдун айтымында, мыйзам долбоору психологиялык кызмат көрсөтүүнү жарнамалоого чектөө киргизилет. Бул даярдыгы, билими жок адамдар тарабынан психологиялык кызмат көрсөтүүнүн зыянынан элди коргоо болуп саналат. 

“Психологиялык кызматтар адамдын жеке жашоосуна жана эмоционалдык абалына кийгилишүүгө байланыштуу болгондуктан, бул нерсе кесипкөй адистерди жана көндүмдөрдү талап кылат. Эгерде бул кызмат кесиптик адистиги жок адамдар тарабынан көрсөтүлсө, жардам эмес, зыянын тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, кесипкөй эместер тарабынан купуялуулукту сактоо сыяктуу эрежелер да сакталбай калган учурлар бар”, – деди ал. 

Айтымында, учурда бул жаатта мыйзам жок болгондуктан, псевдопсихологдордун жарнамасына өспүрүмдөр жана жаштар тартылууда.