Бишкектеги 2021-жылдын декабрь айына чейин курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу процесси качан аяктаары айтылды
Бишкекте “Жер мунапысы” мыйзамына ылайык, 2021-жылдын декабрь айына чейин турак жай курулуп, бирок тиешелүү документи жок болгон жер тилкелерин мыйзамдаштыруу процесси уланууда.
Бишкек шаарынын жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев билдиргендей, мыйзам боюнча жер тилкелерин жана анда курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу максатындагы арыздар ушул жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынган.
“Жалпысынан 37 миң 27 арыз келип түштү. Алар: Октябрь району боюнча – 8 073, Ленин району – 14 509, Свердлов району – 5 671 жана Биринчи май району – 8 774 арыз. Бул арыздардын көбү бекитилген жободо көрсөтүлгөн тартип менен каралып, 24 700 арыз кийинки кароолорго жиберилди. Алар: Октябрь району боюнча – 2 958, Ленин району – 10 774 , Свердлов району – 5 291, Биринчи май району – 5 775 арыз. 14 039 арыз коомдук билдирүүгө чыгарылган. Ал эми 117 арыз боюнча ар кандай себептерге байланыштуу баш тартылды. Дагы 10 651 арызга тийиштүү токтом чыгарылып, мамлекеттик акты берилди”, – деди Мусаев.
Айтымында, мунапыс ишин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Ошондой эле, айрым жер тилкелери/турак жайларга байланыштуу талаш маселелери бар болгондуктан, департаменттин кызматкерлери тийиштүү акимчиликтин кызматкерлери менен биргеликте, жерине чыгып, тактоо иштерин уюштуруп жатышат. Ал белгилегендей, бир жер тилкесине төрт-беш, кээде андан көп адам укуктарын көрсөткөн учурлар көп кездешүүдө.
