Нарындагы кафелердин биринде 30 метрлик шаурма жасалды
Нарын шаарынын тургундары үчүн 20-сентябрда өзгөчө майрам болду. Жергиликтүү кафелердин бири өзүнүн эки жылдыгын белгилөөнүн алкагында 30 метрлик шаурма даярдап, калаа тургундарына бекер тартуулады.
Уюштуруучулардын айтымында, бул үчүн 25 килограмм эт, 70 барак лаваш, 20 килограмм картошка жана башка керектүү азыктар сарпталган.
Майрамдык иш-чарага 200дөн ашык балдар жана алардын ата-энелери катышты.
Мындан сырткары, коноктор үчүн оюндар, оюн-зоок программасы даярдалып, белектер да тартууланды.
