Кайсы жарандар медициналык жактан камсыздандырылгандарга кирет жана аларга кайсы кызматтар акысыз?
27 январь

Кайсы жарандар медициналык жактан камсыздандырылгандарга кирет жана аларга кайсы кызматтар акысыз?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов парламенттин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында, калктын кайсы категориясы камсыздандырылган жарандар болуп эсептелинерин түшүндүрдү. 

Айтымында, аларга иштеген жарандар (Соцфондго төлөм төлөгөндөр), пенсионерлер, балдар, жөлөкпул алуучулар, күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган 21 жашка чейинки студенттер, аскер кызматкерлери жана расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо тургандар кирет. 

“Өткөн жылдын 1-июнунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, фермерлер, багбандар буга кирбей калышты. Бирок аталган жарандардан башкалар бир жылга 1840 сомго полис сатып алышса, камсыздандырылган болуп калышат”, – деди ал. 

Айтымында, камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз медициналык кызматтардын тизмеси жана ал тууралуу маалыматтарды “Түндүк” тиркемесиндеги “Ден соолук” бөлүмүнөн табууга болот. 

Ошондой эле Муканов белгилегендей, камсыздандыруусу бар жарандарга 40 биохимиялык жана башка анализдер акысыз жүргүзүлөт. Ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда каттоодо турган, бирок камсыздандыруусу жок жарандарга 12 базалык анализ жеткиликтүү. 

Ал эми стоматология боюнча, 12 жашка чейинки балдарга, пенсионерлерге, кош бойлуу аялдарга акысыз, бирок бул бир гана тишти дарылатууга тиешелүү. Башка процедураларга, мисалы протез үчүн акы төлөнөт. 

“Мында бир нерсени эске алыш керек: дарыгердин жолдомосу менен барганда гана акысыз болот”, – деди ал.