Кыргызстанда акысыз медициналык кызматты 18 жашка чейин узартуу сунушталууда
Учурда Кыргызстанда акысыз медициналык кызматтар 16 жашка чейинки балдарга көрсөтүлөт. Бирок ошол эле учурда бул боюнча мыйзамдарда жана кодексте кагылыштар кездешет.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов билдирди.
Айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдарда ар бир жаран – 16 жаштан тартып милдеттүү түрдө камсыздандыруу алышы керек. Бирок ошол эле учурда Балдар кодексинде 18 жашка чейин эрезеге жете элек – бала курак болуп эсептелинет.
Муканов мындай кагылыштарды жөнгө салуу максатында мыйзам долбоору сунушталып жатканынан белгиледи.
“18 жашка чейин бала курак болуп эсептелингендиктен, акысыз медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн 2 жылга узартууга тийишпиз”, – деди ал.
